Жарыя же Кулантандыруу АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында бизнес өнөктөштөрдү кызматташууга чакыруу Ак-Шыйрак Айыл аймагынын Айылдын коомчулуктарынын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкаганда баардык кызыктар тараптарды төмөнкү багыттагы Кошумча нарк чынжырчалары боюнча экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырат КНЧ: 1. «Сүт» кошумча нарк чынжырчасы 2. «Эт» кошумча нарк чынжырчасы 3. «Бал» кошумча нарк чынжырчасы 4. «Туризм» кошумча нарк чынжырчасы Кызматташу - жергиликтүү коомчулуктун киреше булактарын колдоо боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууда АКИАнын, Айыл өкмөттүннүн жана АРИСтин өнөктөшү катары экономикалык долбоорлордо катышуудан турат. Бизнес өнөктөш өзүнүн сунушун бизнес план катары иштеп чыгат. Жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган жана долбоордун талаптарына жооп берген сунуштар АРИС тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул айыл аймагы үчүн АРИС тарабынан экономикалык долбоорду каржылык колдоонун көлөмү 2 185 500 сомдун чегинде болушу мүмкүн Кызыктар тараптар бизнес долборунун резюмесин жана кызыктар катын 13.04.2023 баштап 23.04.2023 жылдын саат 17:00 чейин тапшыруу керек, кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер менен байланышыныздар Ватсап: 0702 143 443 Тел.: 0702 143 443 Эл.почта: ak-shyirakokmot@mail.ru Адрес: Жети-Огуз району, Кызыл-Суу айылы, Конкин көч. Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн офиси.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation