Жарыя! АРИСтин АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бизнес өнөктөштөрдү кызматташууга чакырабыз! Достук айыл аймагы, Айылдын коомчулуктарынын инвестициялык ассоциациясы АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында баардык кызыктар тараптарды төмөнкү багыттагы Кошумча нарк чынжырчалары боюнча экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырат: Кошумча нарк чынжырчасы (КНЧ): Сүт, Эт, Дан өсүмдүктөрү, Сафлор, Кол өнөрчүлүк, Бал, Туризм багыты боюнча. Кызматташуу - жергиликтүү коомчулуктун киреше булактарын колдоо боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууда АКИАнын, Айыл өкмөтүнүн жана АРИСтин өнөктөшү катары экономикалык долбоорлордо катышуудан турат. Бизнес өнөктөш өзүнүн сунушун бизнес план катары иштеп чыгат. Жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган жана долбоордун талаптарына жооп берген сунуштарга АРИС тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул айыл аймагы үчүн АРИС тарабынан экономикалык долбоорду каржылык колдоонун көлөмү 25 000 $ чегинде болушу мүмкүн. Кызыктар тараптар бизнес долбоорунун резюмесин жана кызыктар кат тапшыруу керек https://docs.google.com/document/d/1LhRO0ee4tOWa49VtXxd0rmb-fcMRY6k_/edit Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер менен байланышыныздар. Эскертүү: Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 17.04.2023-жылы саат 18.00 гө чейин. Дареги: Достук айылы, Ырыскы кочосу № 8, кв № 2. Байл. тел: Осмонова Сабида 0709768511, WhatsApp: 0709768511 Эл.почта: osmonovasabida@gmail.com
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation